“Дженго” делген кримтөбөлдүн аты кайсы иште аталды? (видео)

1798

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев камакка алынды. УКМК анын паспорту жасалма экенин аныктаган. Жетекчи буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүрүп, 2006-жылы шарттуу кесилгенин жашыруу үчүн Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алыптыр. Мындан тышкары, «Дженго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе болгону да белгиленди.

Ал арада аткаминерлердин аты криминал менен аралашып кеткени коомчулукта кызуу талкууга алынууда. А түгүл бул окуядан кийин жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги спортко жамынып, алардын кадырына шек келтирген кызматкерлерге карата текшерүүлөр күчөтүлө турганын убадалады.