ЕАЭБ: Бажы тармагындагы коррупция жоюлабы? (видео)

709

Евразия экономикалык биримдигинин бажы кодекси кийинки жумада Жогорку Кеңеште каралышы күтүлүүдө. Бул документ парламенттик угууларда талкууланды. Анда бажы кодекси боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароону Жогорку Кеңеш тездетиши керек, деген пикирлер айтылды. ЕАЭБге мүчө болгон Беларусь, Россия, Армения, Казакстан өлкөлөрүнүн парламенттери аталган документтерди карап, жактырып беришкен. Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов документ ишке кирсе, товар өткөрүү бир топ жөнөкөйлөштүрүлө турганын билдирүүдө. Бирок коррупциялык схемалардан толугу менен арылуу мүмкүн эмес дейт.