ЕАЭБ натыйжасыз институт экенин көрсөттү (видео)

1082

Евразиялык экономикалык биримдик өз милдетин толук кандуу аткарбай жатат! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар билдирип чыгышты. Алардын айтымында, кыргыз-казак чек арасында оор кырдаал түзүлгөнүнө 2 айдай болуп калды. Бирок ага карабастан, маселе бул биримдиктин күн тартибине киргизилген эмес. Ошондой эле, айрым тараптардын тар кызыкчылыктарынан улам, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды темир жол аркылуу экспорттоо жагы аксап жатканы дагы белгиленди. Мындан башка дагы бир топ тармактар боюнча сын-пикирлер айтылды.