ЕАЭБ өлкөлөрүндө бажы көзөмөлү күчөтүлөбү? (видео)

604

Бажы тармагындагы жемкорлуктун кесепетиби же башка да себептер барбы? Акыркы 2 жылдан бери Казакстан аркылуу товар ташыган кыргызстандык айдоочулардын иши кыйындады. Анткени коңшу өлкө маал-маал менен чектөөлөрдү киргизет же текшерүүлөрдү күчөтүп келет. Мунун кесепетинен ишкерлер миллиондоп зыян тартып жатышат.

Бирок аткезчилик бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө да бар, дешет адистер. Эксперттердин айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун эл аралык жыйында чек арага үч тараптуу көзөмөл киргизүү сунушу туура жана өз маалында болду. Бул процедура кантип ишке ашат?