ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уурдалган унаалар — Кыргызстанда (видео)

714

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргызстанда табылганы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендер сурак берүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Алардын көпчүлүгү Lexus, Toyota, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жол тандабастар, кроссоверлер жана Toyota, Mercedes-Benz, Volkswagen үлгүсүндөгү «Седан» кузовундагы кымбат баалуу машиналар. Унаалар Россиядан Казакстанга, андан бери Кыргызстанга жеткирилип турган. Бул унаалардын эң арзаны — 50 миң доллар. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, уурдап сатып, андан пайда көрдү, деп шектелип 19 адам сурак берүүдө. Кылмыштуу топтун курамында Мамлекеттик мекемелерде иштегендер болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Бул боюнча өзгөчө Бажы жана Чек ара кызматкерлерин да дыкат иликтеп чыгуу зарыл, дешет эксперттер.