ЕАЭБ ыдырайбы? (видео)

762

Евразиялык экономикалык биримдик ичинен ыдырап жатабы же азыркы абал убактылуу көрүнүшпү? Бул суроого бир катар эксперттер жооп издешүүдө. Өткөн айдан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек арадан товар өткөрүүдө маселе жаралса, жакында эле расмий Астана Москваны сапатсыз товарларды жөнөтүп жатат деп айтыптап чыкты. Талдоочулардын баамында, биримдиктин келечеги ага мүчө болгон мамлекеттердин жетекчилеринен жана тышкы күчтөрдүн аракеттеринен көз каранды. Ошондой эле, жаш уюм азыр калыптануу процессин баштан кечирүүдө. Бул дагы узакка улануусу мүмкүн, дешет эксперттер.