ЕАЭБге артылган үмүт акталган жок (видео)

765

Евразия экономикалык биримдигине артылган үмүт акталган жок. Мындай пикирин бүгүн 12 өлкөнүн жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамотасын кабыл алуу иш-чарасында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, өкмөт тез бузулуучу айыл-чарба товарларын экспорттоо үчүн жаңы базарларды издеши керек. Алар коңшу Өзбекстан жана Кытай болушу мүмкүн. Мамлекет башчысы ошондой эле, Араб деңизи жана Индия океанына чыгуу үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү керектигин белгиледи.