ЕАЭБге мүчө өлкөлөр КРнын бажы бекеттерин көзөмөлдөй алабы? (видео)

564

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын бажы бекеттерин көзөмөлдөй алабы? «Трансперенси Казакстан» коомдук фондунун эксперттери Кытай менен Түркиядан ташылып жаткан абдан ири контрабанданын эсебинен Кыргызстан бажы төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн жашырып жатканын билдиришкен. Бул Казакстанга кедергисин тийгизип жатканы айтылып, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү Кыргызстандын бажысын биргелешип көзөмөлдөшү керек деген сунуш айтылган. Бирок бул казакстандык эксперттердин гана пикири.

Ал эми расмий Астана бул боюнча жооп бере элек. Бирок Экономика министрлиги бул көз карандысыз өлкөнүн ички ишине түздөн-түз кийлигишүү болуп саналат дейт. Кыргызстандын бажы тармагында контрабанда гүлдөп жатканы тууралуу Казакстан биринчи жолу айтып жаткан жок.