ЕБ Израилди Хайфадагы кагылышууну иликтөөгө чакырды

675

Европа биримдиги Израилди өткөн аптада Хайфада полициячылар менен демонстранттардын ортосунда болгон кагылышууну тезирээк иликтөөгө чакырды.

Европа тышкы саясат кызматынын 22-майда тараткан билдирүүсүнө ылайык, кагылышуу маалында Mossawa араб-израиль укук коргоо уюмунун жетекчиси Жафар Фарах жабыр тарткан.

Фарах Израиль полициясын күч колдонууга жана атайлап бутун сындырууга айыптады. Израиль ММКларынын маалыматы боюнча полиция нааразылык акциясына катышкандарды кармоо маалында Фарахтын бутунун сынганын четке каккан.

Ошол эле маалда Брюссель израиль бийлигин Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Омар Шакирдин жумуш визасын жокко чыгарган чечимин айыптады. Эми ал өлкөдөн чыгарылышы ыктымал. “Европа биримдиги Израиль бул чечимди кайта артка карайт деп үмүттөнөт, эгер андай болбосо өлкө HRW кызматкерлерин аймагына киргизбеген мамлекеттердин кыска тизмесине кирет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө биримдик Израилде, Палестина автономдуу аймагында жана бүтүндөй дүйнөдө жарандык коомдун ачык жана жагымдуу шартта иштөөсүн кубаттай турганы белгиленген.