ЕБ Россия менен АКШны ракеталык келишимди сактап калууга үндөдү

790

Европа биримдиги АКШ менен Орусияны «Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу» (INF) келишимге байланышкан маселелер боюнча «конструктивдүү диалогду» улантууга чакырды.

Мындай билдирүү өткөн жекшембиде Дональд Трамп Москваны аталган келишимди бузуп жатат деп айыптап, Вашингтон андан чыга турганын жарыялагандан кийин жасалууда. Билдирүүдө Европа тараптар «глобалдык коопсуздук үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон» макулдашуунун шарттарын аткарууну улантат деп үмүттөнүп жатканы белгиленген.

«Евробиримдик Орусия келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууга олуттуу мамиле кылат, ал эми АКШ келишимден чыгуунун кесепеттери тууралуу ойлонуп көрөт деп үмүттөнүүдө. ЕБ жаңы куралдануу жарышынан кооптонууда, 30 жыл мурда түзүлгөн келишим европалык коопсуздуктун негизин түзүп келген», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы СССРдин ошол кездеги башчысы Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейган кол койгон келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салат.

Октябрдын башында АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон АКШ «Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу» келишимди бузуу менен даярдалган Орусиянын ракеталык куралдарын алдын ала нейтаралдаштыруу ниети тууралуу эскерткен. Сентябрда Breaking Defence басылмасы АКШ Коргоо министрлигиндеги өз булактарына шилтеме кылып, Пентагон СССР тарагандан бери алгачкы жолу 1600 чакырым алыстыкка уча турган кургакта жайгаштырылуучу ракеталык системаны иштеп чыгып жатканын кабарлаган.