ЕБ Украинанын суверендүүлүгүнүн бузулушуна каршы санкцияларды узартты

806

Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгүн бузууга катышы бар кишилерге жана уюмдарга карата санкцияларды узартты. Чектөө чаралары дагы алты ай – 2018-жылдын 15-мартына чейин күчүндө болот. Брюсселден билдиришкендей, Украинадагы кырдаалга баа берилгенден кийин Европа Кеңеши санкцияларды жокко чыгарууга себеп тапкан эмес.

Санкциялык тизмеге 149 физикалык жана 38 юридикалык жак киргизилди. Алардын арасында орусиялык саясатчылар, коомдук ишмерлер, Донецк жана Луганск элдик республикасынын жетекчилери менен жикчилдердин өкүлдөрү бар. Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси Анатолий Антонов дагы чектөөлөр алдында калды. Ошол эле маалда мурдагы тизмеден маркум төрт киши чыгарылды.