Эч нерседен коркпогула! (видео)

1075

Шайлоо күнү коркпостон, жүрөгүңүз каалаган талапкеринизди тандаңыз! Мыйзам боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугу сакталат. Боршайкомдун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кимдин кайсы кандидатты тандаганын техникалык да, башка жактан да аныктоо мүмкүн эместигин айтып кепилдик беришүүдө. Анткени ар бир жаран добуш берүүдө кабинада жалгыз калып, аны көзөмөлдөгөнгө эч кимдин акысы жок. Эгер добуш берүү купуялуулугу бузулса, ага тиешеси барлар кылмыш жоопкерчилине тартылат. Андыктан татыктуу талапкерди тандоо — шайлоочунун өз эрки!