Эдил Байсаловдун шакабасы депутаттарды намыстандырды (видео)

3510

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго карата чара көрүү керек. Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар дал ушундай талаптарын айтып чыгышты. Буга социалдык блокту жетектеген аткаминердин “Марал” радиосуна берген маегинде парламенттин дарегине айткан сөздөрү себеп болгон.

Анда Эдил Байсалов өкмөт мүчөлөрүн күндө эле Жогорку Кеңешке чакыра берүүнү чыккынчылык деп баалап, депутаттарды 24 саат бою иштөөгө чакырган. Парламентарийлер министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын билдирүүсүн шылдыңдоо катары баалашууда. Аны кызматтан алууну талап кылгандар да болду. Көп өтпөй парламентарийлердин мындай реакциясына Эдил Байсаловдон да жооп келди.