Ээнбаш телеканалдарга көзөмөл күчөдү (видео)

972

«Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарын аткарбаган компаниялардын лицензиясы артка чакыртып алынат. Бул тууралуу маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетекчиси билдирди. Талапка ылайык Кыргызстандагы телеканалдардын көрсөтүүлөрүнүн 50 % кем эмес бөлүгү мамлекеттик тилде болушу зарыл.

Андан тышкары, эфирде көрсөтүлгөн берүүлөрдүн жарымы жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылышы керек. Бирок бул тууралуу мыйзам өткөн жылы эле күчүнө киргени менен телеканалдардын көпчүлүгү анын талаптарын аткарбай эфиринде лицензиясыз продукцияларды көрсөтүп жатышат. Эми мындай көрүнүшкө көз жумулбай, кескин чаралар колдонула баштайт.