Ээнсиреген эс алуу жайы, иштетилбей турган имараттар (видео)

614

Учурда мамлекеттин карамагындагы ишканалардын жарымы иштебейт экен. Ал эми иштеп жаткандарынын дагы жарымы киреше алып келбейт. Мамлекеттин менчигиндеги объекттер өзүн-өзү актабай, кирешеси азайып жатыптыр. Мунун баары өкмөттүн жыйынында айтылды. Аткаруу бийлиги пайда алып келбеген мүлктөрдү мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүүнү коздоодо. Антпесе учурда ишканалардын биринин дагы жетекчиси ошол объектини алдыга алып кете турган план түзгөн эмес, демилге дегенден дайын жок. Жөн гана анда-санда түшкөн акчаны эсептеп, креслону мыкчып отуруптур. Анан айла жок, ишенимдүү башкарууга берүү керек экен.

Ушул жерден күмөн ойлор жаралат. Айрым ишканалардын жетекчилери, балким атайылап объектини банкротко жеткирип жаткан жокпу? Мындай схема өлкөдө көптөн бери эле иштейт. Мамлекетке пайда алып келбей калды деген шылтоо менен жеке менчикке арзан сатып жиберишет. Аны кайра эле чоң кызматтагылардын жакын туугандары алышат. Болбосо ишкердин мээси жеткен жумушка эмнеге аткаминердин мээси жетпейт. Албетте акча маселеси дагы кендирди кесет. Бирок карангыдан жол таап, жокту бар кылуу ошол жетекчилердин иши эмеспи?