Ээси изделген жолтандабастар (видео)

711

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткендин күч органдарына эки «Шевроле Субурбан» белек кылды деген маалыматты төгүндөдү. Расмий билдирүүдө унаалар терезелери караңгылатылганы үчүн токтотулуп, айып протоколдору толтурулган деп айтылат.

Бирок интернетте тараган сүрөттөргө караганда, кырдаал бир аз башкача болгон. Себеби анда Эркин Мамбеталиев менен бир катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин алакан жайып, бата кылып жатканын көрүүгө болот. Ал арада бул унаалар эки мамлекеттик мекеме ортосунда талашка түшүптүр деген маалымат да тарап кетти. Тартип сакчыларына жардам берди делген Эркин Мамбеталиев өзү болсо азырынча үн ката элек.