Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши каза болду

672

«Боинг-737» 10-март күнү эртең менен Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн 6 мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган. Борттогу 157 кишинин баары мерт болду.

Акыркы маалыматтар боюнча Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Россия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Курман болгондордун 149у – жүргүнчү, 8и – экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык катары эсептелүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.