Эгемендүү Кыргызстанга 26 жыл толду (видео)

1062

Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында президент Алмазбек Атамбаев катышкан майрамдык салтанат эртең мененки саат 10до башталды. Анда мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, акыркы жылдары өлкө өзүнүн Улуттук ресурстарынын наркын көтөрүп, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенин, бир топ тармактарда алгылыктуу иштер жасаганын белгилеп өттү. Ошондой эле, бул көз карандысыздыкка жеткен 26 жыл аралыгында кыргызстандыктар бир топ кыйын күндөрдү баштарынан өткөргөнүн белгилеп, ал кыйынчылыктарга туруштук берип, тайманбаган элге алкыш айтып, таазим кылды.