Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришти

1084

«Азаттыктын» кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары Бишкекте болуп өттү.

Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын» негиздеди.

Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда тапшырылып турмай болду.

Фонддун бет ачар аземинде сөз сүйлөгөн «Журналисттер» бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөрдү коомчулук колдоого алышы керектигин билдирди.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда. ​