Эгиздин түгөйү башка балага алмаштырылганбы? (видео)

893

Токмок шаарында эгиз уулдун түгөйүнөн ажыраган эне чындык издейт. 10 ай мурда көз жарган келин төрөт үйүндөгү дарыгерлер анын ымыркайын башка балага алмаштырып салышкан деп шек саноодо. Анткени бөбөк дени сак болуп төрөлгөн. 1,5 суткадан кийин ак халатчандар наристенин чарчап калганын угузушкан.

Бул боюнча медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бала ичтен өлүү төрөлгөн деген чечим чыккан. Бирок наристесинен ажыраган эне муну менен макул эмес. Ал эгиздин түгөйү кимдир бирөөлөгө сатылып кетип, учурда башка үй-бүлөдө чоңоюп жатат деген ойдо.