Эх, саясий маданиятсыздык… (видео)

921

Теледебатта талапкерлер саясий маданиятсыздыгын көрсөтпөй, программаларды талкуулашы керек. Бир катар эксперттер дебат боюнча ушундай пикирлерин билдиришти. Алардын айтымында, бул таймашта айрым кандидаттардын программасы жок болсо, кээ бири саясий маданияты төмөн экенин көрсөтүп койду. Талапкерлердин эмоцияга алдырып, курч суроого ачууланып, кемчилигин айтса териккени шайлоочулардын кандидаттардын программасынан маалымат алуусуна тоскоолдук жаратууда, дешет саясий талдоочулар.