«Эйр Манас» «Бишкек-Ташкент-Бишкек» каттамын аткара баштады

863

«Эйр Манас» авиакомпаниясы 23-декабрдан тарта «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында авиакаттамдарды аткара баштады.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, 23-декабрда алгачкы учак Ташкентке учуп кетти. Ага жалпы 105 киши билет алган.

Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында учактар каттап турат. Билеттин баасы 110 доллардан жогору.

2018-жылы «Ош-Ташкент-Ош» каттамын кайра ачуу мерчемделүүдө. Буга чейин «Ташкент-Бишкек» багытында шейшемби, бейшемби күндөрү «Uzbekistan Airways» компаниясынын гана учагы каттап келген.

13-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкентте жолугушуп, транспорттук каттамдар боюнча макулдашкан эле.