Екатеринбургдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү

2368

Бүгүн Россиядан дагы 157 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Алар Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Коопсуздук чараларына байланыштуу жүргүнчүлөр “Манас” эл аралык аэропортунун перронунда тейленип, андан кийин баары обсервацияга жөнөтүлду.

Бир жума мурда Новосибирсктен дагы чартердик каттам менен 176 жаран Кыргызстанга жеткирилген. Алардын ичинен бир адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.