Эки адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгон (видео)

2431

Эки адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Жолдо иштеп жаткан 2 адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу мас абалда болгон.

Ал арада Кайгуул кызматы коомчулукка кайрылып, ичип алып унаа айдагандарды көргөндөр сөзсүз түрдө 102 кызматына кабарлоосун эскертти. Себеби өткөн дем алыш күндөрү эле Патрулдук милиция кызматы рейд өткөрүп, анда 31 айдоочу унааны ичип алып айдап жүргөнү аныкталган.