Эки айлык жайкы тыныгуудан соң Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин баштады

1060

Эки айлык жайкы тыныгуудан кийин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары бүгүн өз ишин баштады. Салтка айланып калгандай эле, парламенттин кезектеги сессиясы гимн менен ачылды. Регламентке ылайык, бүгүн-эртең депутаттар тармактык комитеттерде иш алып барышат.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги үч комитеттин биргелешкен отуруму болду. 6-сентябрга пландалган Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиевдин иш сапарын утурлай, агрардык саясат, эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук менен конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитеттери жабык эшик артында жыйын өткөрүштү. Анда чек ара маселеси талкууланганы кабарланды.