Эки баланы аёосуз сабагандар тергөө абагында мушташты (видео)

606

Бишкектеги Жал кичи районунда эки баланы аёосуз сабаганга шектелип кармалгандар, тергөө абагында катуу токмоктолду. Тиешелүү мекеменин билдирүүсүнө караганда, алар камералаштары менен мушташып кетишкен.

Окуядан кийин алар Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бирок дарыгерлер алар олуттуу жаракат албаганын аныкташкан. Ал арада, катуу сабалып жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда. Биринин көзү көрбөй, кулагы укпай калса, экинчиси операцияга даярдалууда.