Эки кишини аёсуз сабап качып качып жүргөн шектүүлөр камакка алынды

1074

«Жалбырак ТВ» тараткан видеого ылайык, алар укук коргоо органдарына өздөрү келишкен. Журналист Зарылбек Шермамбетовдун айтымында, ага издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун адвокаты Динара Медетова байланышка чыгып, качып жүргөндөр колго түшүп берүүгө келерин айткан.

Бүгүн таңкы саат төрртө шектүү Бапышев Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына биринчи болуп адвокатынын коштоосунда келсе, экинчиси бир сааттан кийин келди. Андан соң шаардык милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдү камакка алуу боюнча токтом менен тааныштырып, аларды тергөө абагына киргизишти.

Эске салсак, 28-августта Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ катталып, анда 2 киши катуу токмоктолгон. Буга 34 жана 20 жаштагы ага-ини Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков шектелип, издөөгө алынган. Факты боюнча «киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренесинини негизинде кылмыш иши козголгон. Аларды кое берип жиберген 5 милиция кызматкери кызматтарынан айдалып, алардын төртөөнө «кылмышты жаап-жашыруу» жана «кызматтык абалынан кыянат» пайдалануу беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кечээ эле мушташтан жабыркап ооруканага оор абалда түшкөндөрдүн жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан. Бишкек шаардык милициясы издөөдө жүргөн шектүүлөр чет мамлекетке качып кетүү аракетин көрүшкөнүн, бирок алардын аракетинен майнап чыкпай калганын билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.