Эки колунан ажыраган жоокер 3 млн сом талап кылды (видео)

2324

Аскерде токко урунуп, эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан 3 миллион сом талап кылууда. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн процессте айтылды.

Ошондой эле, отурумда жабырлануучу тараптын адвокаты майып болуп калган 24 жаштагы жигитке багуучу аял керектигин билдирди. Ага 20 миң сом айлык төлөп берүү зарыл экен. Мындан тышкары, Башкы штаб Руслан Сапарбаевге протез сатып бериши керек деген талаптар да айтылды. Бул боюнча жоопкер тарап эмне дейт?