Эки күндө кызамыкка шектелген 23 киши ооруканага түштү

708

Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдирди:

«Ишемби, жекшемби күндөрү медициналык мекемелерге жалпысынан 31 киши кайрылган. Алардын ичинен абалы оорлорун карап, 23 адамды ооруканага жаткырдык. Ушул тапта биздин ооруканада 58 киши кызамыктан дарыланып жатат. Алардын тең жарымы бир жашка чейинки эмделбеген балдар».

Гүлжигит Алиевдин маалыматы боюнча, булардан тышкары кызамык менен ооруп жаткандардын дээрлик тең жарымы эмделбеген адамдар.

Былтыр октябрда Бишкекте кызамыктан 6 айлык кыз чарчап калган. Адистердин айтымында, абалдын оорлошуна балдар убагында эмделбегени себеп болууда. Анткени кызамык дал ушул эмдөө аркылуу таптакыр жок кылынуучу оорулардын катарына кирет.

Былтыр кызамык айрым Европа өлкөлөрүндө күчөп, 40ка жакын адамдын өмүрүн кыйды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.