Эки областтын айдоочулары митингге чыгышты (видео)

697

Кыргызстанда бажы төлөмдөрү кымбаттаганы фура айдагандардын жумушун азайтты. Буга нааразы болгон айдоочулар Нарын жана Ысык-Көл областарында митинг уюштурушту.

Алардын айтымында, Кытайдан чыккан товарга бажы төлөмдөрү жогорулагандыктан, көп чыгымга учурап жатышат. Учурда эки областтын жолдорунун боюнда 300дөй фура токтоп турат. Чогулгандар көйгөйү чечилмейинче нааразычылык акциясы күнү-түнү уланаарын билдиришти.