Эки өлкө ортосунда картошка сатып алуу боюнча келишим жок (видео)

704

Картошка сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык расмий келишим болгон эмес. Бул маалыматты айыл-чарба министри Нурбек Мурашев өзү тастыктады. “Азаттык” маалымат агенттиги өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактарына таянып, эки өлкө ортосунда картошка сатып алуу боюнча эч кандай документ жок экенин жазып чыккан болчу.

Буга чейин Кыргызстан өкмөтү коңшу мамлекетке 500 миң тонна картошка экспорттой турганын маалымдаган. Ага ишенген жергиликтүү дыйкандар жашылчанын бул түрүн абдан көп көлөмдө өстүрүшкөн. Эми болсо түшүмүн сата албай убара тартышууда.