Эки өлкөнүн чек арасындагы абал боюнча «жол картасы» талкууланды

1352

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан ЕАЭБдин премьер-министрлеринин кеңешинин алкагында, эки өлкөнүн чек арасындагы оор кырдаал боюнча «жол картасын» иштеп чыгууну тездетүүнү макулдашышты. Алар кечээ күнү да жолугушуп, бирок сүйлөшүү жабык өткөн. Андыктан толук маалымат чыккан эмес.

Эске салсак, өткөн аптанын шаршемби күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков Астанага барып, казак кесиптеши Бакытжан Сагынтаев менен жолугушуп, алар чек ара маселесин талкуулашкан. Анын жыйынтыгында чек арадан өтүү тартиби боюнча протоколго кол коюлуп, бирок эки тарап оор жүк ташуучу унаалар боюнча бир пикирге келе албаганы белгилүү болгон.

Мындан улам, 5 жумушчу күн аралыгында «жол картасын» иштеп чыгуу тууралуу макулдашышкан. Ал арада, чек арада Казакстан тарапка өтө албай турган жүк ташыган унаалардын саны 500дөн ашып, жүздөгөн адам кезек күтүп турат.