Эки өлкөнүн премьерлери чек араны тактоону активдештирүүнү сүйлөштү

665

Кечээ түндө Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода жолугушуп, чек ара боюнча абалды талкуулашты.

Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» көзөмөл пунктунда өткөн жолугушууда эки өкмөт башчы акыркы окуяга өкүнүчүн билдиришкен. Жолугушууда чек араны тактоо иштерин активдештирүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Ошондой эле, өкмөт тараткан билдирүүдө «Тараптар эки өлкө элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришкени айтылат.

Эки өкмөт башчы чек ара боюнча буга чейинки келишимдерди аткарууну жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.