Эки өмүрдү алган жол кырсыгынын чоо-жайы (видео)

592

Эне-баланын өмүрүн алган окуяда жабырлануучу тарап коомчулукка жардам сурап кайрылууда. Алардын айтымында, бул иш бир жактуу тергелип, кылмышкер тиешелүү жазасын албай калышы мүмкүн. Эске салсак, окуя 10 күн мурда Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда катталып, анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эне-баланы коюп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Кылмышка шектүү кийинки күнү милицияга өзү келгени менен, учурда башта берилген көрсөтмөлөр өзгөрүп жатыптыр. Ошондой эле, кылмыш иши ачылганына 10 күн болсо да, маркумдардын туугандарына бир да тергөөчү басып келе элек экен.