Эки оппозициялык фракция өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышты (видео)

798

Парламенттеги эки оппозициялык фракция өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышты. Буга отурумга премьер-министр Сапар Исаковдун өзү келбегендиги себеп болду. Алгач «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынына өкмөт башчы катышаары жарыяланган. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясына баяндама жасаганы вице-премьер-министр Даир Кенекеев келди. Бирок оппозициялык депутаттар өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышты. Премьер-министр колдоо таппай калам деп кооптондубу? Азчылыктагы фракциялар өкмөттөн эмне талап кылмак? Бүгүнкү отурумдардын болбой калышы көп суроолорду жаратты.