Эки тарапты элдештирген медиатор (видео)

1007

Талаштуу ишти чыр-чатакка жеткирбей чечүүнү каалайсызбы? Анда атайын адистерге кайрылыңыз. Кыргызстанда ишти сотко жеткирбей чечүүгө адистешкен 500 медиатр иш алып барууда. Алар үй-бүлөлүк, жарандык, эмгектик талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чечүүгө жардам беришет. Бүгүн алардын республикалык биринчи куралтайы болуп өтүп, атайын уставы бекитилди. Буга кошумча, медиация институтунун байкоочу кеңеши да түзүлдү. Эске салсак, «медиация жөнүндөгү» мыйзам өткөн жылы кабыл алынып, быйыл күчүнө кирген болчу.