Эки тубаса майып баккан эне жардам сурайт (видео)

1191

Бишкек шаарынын тургуну Кундуз Сатыбекова эки майып баласы менен көчөдө калышы ыктымал. 3 кишиден турган үй-бүлө Төкөлдөш кичи районундагы авариялык абалдагы үйдө баш калкалашат. Колундагы эки баласы тең биринчи топтогу тубаса майып төрөлүшүп, өз алдынча баса алышпайт. Жалгыз бой эне аларды карап, мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул менен күн кечирүүгө мажбур.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын кароодон колу бошобогон эне керектүү документтерди чогулта албай калып, майып баланы карагандарга төлөнчү айлык акыны да ала албай келүүдө. Буга кошумча, анын бир баласына жакынкы арада жүрөгүнө операция жасалышы керек экен.