Экинчи аракет. Паспорт боюнча тендер жарыяланды (видео)

1638

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун 2 түрүн даярдап чыгууну пландаштырууда. Айырмачылыгы баракчалардын санында гана болот.

Мисалы, 50 баракчасы бар биометрикалык паспорт иш сапарларга көп чыга турган кызматкерлерге ыңгайлаштырылат. Ал эми 34 барактан турган документ жөнөкөй жарандар үчүн жасалат. Ал үчүн 1,5 миллион бланк сатып алынышы керек. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуу порталында пайда болду.