ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйыны Бишкекте өтөт

700

Быйыл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкекте өтөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 15-январда парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен ассамблеянын күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Ага депутаттар катышып, даярдыктар тууралуу Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов маалымат берди.

ЕККУ ПАнын жыйыны алгач ирет Кыргызстанда өткөнү жатат. Ал октябрь айына белгиленген. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага дүйнөнүн 57 мамлекетинен 200дөй парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө өткөрүлүп келген ЕККУ ПАнын жыйындарында парламенттер ортосундагы кызматташтыктан баштап, эл аралык деңгээлдеги саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакалар талкууга алынат.