Экологдор бактардын кыйылышына тынчсызданууда (видео)

887

«Бак-шаксыз болуп, жылаңач калган фасад». Борбор калаанын тургундары Жогорку соттун алдындагы көп жылдык бак-дарактар толугу менен кыйылганына нааразы болушууда. Бир канча жылдан бери имаратка көрк берип турган дарактар бир күндүн ичинде толугу менен жок кылынган.

Тиешелүү мекеменин өкүлдөрү болсо, ал бактардын тамырлары чирип, адамдарга коркунуч жаратып жаткандыктан кыюуга туура келгенин айтышууда. Алардын ордуна 3 эсе көп көчөт отургузулганын да билдиришүүдө. Ал арада, ушундай эле кыюу иштери дагы уланат экен. Шаардыктар болсо мындай кадам менен калаа таптакыр бак-шаксыз калбаса болду деп чоочулап турушат.