Экологияны сактоого чакырган депутаттар аңчылыкка жол ачышты (видео)
688
Сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам-долбоору Жогорку Кеңештин сынына дагы бир жолу коюлат. Бул аракет кийинки жылга пландалып жатыптыр. Демилгечилер документти парламенттик шайлоонун алдында алып чыгышы мүмкүн экен.
Себеби ал убакта көпчүлүк эл өкүлдөрү коомчулукка жакшы көрүнүү үчүн позицияларын өзгөртпөйт деп үмүттөнүшүүдө. 40 демилгечи депутаттын 13ү өзү жазган документке каршы добуш беришти. Айрым эл өкүлдөрүнүн пикиринин кескин өзгөрүп кетишине эмне түрткү болду?