Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын 2 кызматкери кармалды

726

Финполициянын 2 кызматкери колго түшүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Операция кечээ түштөн кийин саат 16:30 чамасында Финполициянын борбордук аппараты жайгашкан имараттын жанында, УКМК тарабынан жүргүзүлүптүр.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, кармалган 2 адамдын бирөө — экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчилеринин бири экени айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, экөө — Казакстандан жүк ташып келген унаалардын айдоочуларынан 2000 доллар талап кылышкан. Азырынча бул маалыматты Финполиция да, УКМК да тастыктай элек.

Кечээ эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын №4 милиция бөлүмүнүн 4 кызматкери 1000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Алар бир ишкерден кылмыш ишин жабуу үчүн 5000 доллар талап кылганы аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.