Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси алмашты

795

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Замир Осмонов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна өткөн аптада президенттин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Эске салсак, Замир Осмонов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп 2017-жылдын январь айында дайындалган. Ал эми анын ордуна келген Сүйүмбаев 2015-жылдын соңунан тарта өткөн аптанын башына чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп, ага чейин ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп келген.