Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы дайындалды

986

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Бакир Таиров дайындалды. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен бул кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев болду.

Буга чейин бул кызматтын төрагалыгына Болот Сүйүмбаев, ал эми орун басарлыгына Исабек Султаналиев барып, он күндөй иштеген. Аларды бул кызматка дайындаган буйрукка мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.