Экотехинспекция электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды (видео)

980

Аба ырайы кескин сууктаганына байланыштуу өлкөдө электр энергия көп жагылууда. Маалыматтарга караганда, бир сутканын ичинде эле кыргызстандыктар 3 миң 224 мегаватт жарыкты колдонушту. Бишкекте жылуулукка байланыштуу көйгөй жаралгандыктан, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандардын баары электр энергиясын жылынуу үчүн пайдаланууга өтүштү. Бирок тармакка күч келип, авариялык өчүрүүлөр болуп, шаардын айрым райондору жарыксыз калган учурлар катталууда. Бир күн ичинде эле «Түндүк электр» ишканасына 400гө жакын кайрылуу түшкөн. Мындан улам, Экотехинспекция эс алуу жайларын, кафе-ресторандарды электр энергияны сарамжал пайдаланууга чакырууда.