Экотехинспекциясы кой-эчки кырылган жердин топурагын жана суусун текшерди

1343

Нарындагы Солтон-Сары жайлоосундагы кой-эчки кырылган жердин топурагы жана суусу таза чыкты. Экотехинспекциясы лабораториялык экспертизанын жыйынтыгын жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, инспекциянын өкүлдөрү ошол аймакта кен иштеткен кытайлык компаниясын текшерүүгө барышат. Учурда социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Атайын адистер кароо жүргүзүп, кой-эчкилер жугуштуу ылаңдан өлбөгөнүн аныкташкан. Өлгөн малдан анализ алынганда этинен нитрат жана мышьяк чыккан. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.

Жергиликтүү бир топ тургун Нарын областтык администрациясынын имаратына чогулуп, кен казган компания агын сууну булгап, анын кесепетинен мал жапырт өлүп жатканын айтышкан. Кытайлык компанияны текшерип чыгуу үчүн Экотехинспекциясы уруксат сурап Экономика министрлигине кат жөнөткөн. Уруксат берилсе, лицензия берүүдөн баштап анын ишмердүүлүгү, Эмгек кодексинин сакталышына чейин текшерилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.