Экотехинспекциясынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

934

«Авангард-стиль» компаниясынын курулушундагы кырсык боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жооптуу кызматкерлерине жана жеке ишкананын айрым жумушчуларына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Кылмыш ишин козгоого курулуштагы окуядан кийин жасалган документтер себеп болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Экотехинспекциянын жооптуу кызматкерлери «Авангард стиль» ишканасы Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак жай салып жатканда мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзбөгөнү аныкталган.

Ал эми өткөн жумада кырсык болгондон кийин инспекторлор компаниянын жумушчулары менен ич ара сүйлөшүп, арткы дата менен курулуштун жүрүшү боюнча жасалма акт даярдашкан. Бул фактыга байланыштуу прокуратура кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эскерте кетсек, өткөн дүйшөмбү күнү Бишкектеги түштүк магистралдагы курулушта имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Андан 11 киши жабыркаган.