Экс-акыйкатчы экс-президентти сотко берүүгө белсенүүдө (видео)

722

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен соттошууга белсенүүдө. Учурда ал доо арыз жазуу үчүн документтерди топтоп, адвокат издеп жатат. 2 күн мурда Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Турсунбек Акунду айыптап, акча алышы мүмкүн деп билдирген. Мындай дооматтарды экс-акыйкатчы четке кагууда.

Турсунбек Акун Азиз Батукаевден акча албаганын далилдөө үчүн сотко кайрылмай болду. Бирок намысына канча сомдук шек келтирилгенин, тагыраагы — экс-президенттен канча талап кылаарын азырынча чече элек. Алты жыл мурда сөз болгон 100 миң доллардын учу көрүнө баштадыбы?