Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

3351

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, ал «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

Экс-парламентарий саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болгон. Кечээ кечинде нааразычылык акциясы алдын-ала белгиленген тартипте өтпөй, таш ыргытуулар болгондон кийин митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү деп Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башка адамдар УКМКга алып келинген болчу. Сабыр Жапаров кое берилгени белгиленди.

Митингге чыккандар 20дай талап коюшуп, алардын негизгиси учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу болчу. Бирок Садыр Жапаров абактан тарапташтарына жазуу түрүндө кайрылып, анда алардын нааразычылык акциясын үчүнчү күчтөр, чагымчылдар колдонуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн деп айтып, митингге чыкпай коюуну суранган.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынып, былтыр 10 жылга кесилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.