Экс-депутат Равшан Жээнбеков камакка алынды (видео)

2418

Камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековго Кой-Таш окуясында «барымтага алуу» жана «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренелери боюнча айып коюлууда. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына бир нече жолу суракка чакырылган болчу. Ал буга чейин аталган иште күбө катары өтүп жаткан.